Материалдар: 1
Ош облусунда жол инфраструктурасын жакшыртуу иштери активдүү улантылууда. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, учурда Ноокат–Араван–Тоо-Коргон унаа жолунун Араван районундагы 9 километрлик бөлүгүнө асфальт-бетондун биринчи катмарын төшөө иштери жүрүп жатат. Бул долбоор аймактагы транспорт кыймылынын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун жогорулатууга багытталган.