Материалдар: 1
«Российская газета» гезитинин башкы директору Павел Негоица ШКУ өлкөлөрүн жасалма интеллект (ЖИ) жана медиа тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө чакырды. Ал ЖИнин жаңы мүмкүнчүлүктөрүн жана ошол эле учурда жараткан олуттуу чакырыктарын белгилеп, бул багытта эл аралык кызматташтыктын жана тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Негоицанын айтымында, аймак бирдиктүү медиа хаб түзүү үчүн чоң потенциалга ээ.