Материалдар: 1
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өзбек президенти Шавкат Мирзиёевди Кыргызстанда өтүүчү ири эл аралык иш-чараларга чакырды. Бул чараларга Алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити жана 2027-жылы боло турган «Бишкек+25» тоо саммити кирет. Маалыматка караганда, эки өлкөнүн лидерлери сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын жана кызматташтыкты бекемдөө мүмкүнчүлүктөрүн жогору баалашты.