Кыргызстан президенти Садыр Жапаров өзбекстандык кесиптеши Шавкат Мирзиёевди Кыргызстанда өткөрүлө турган маанилүү эл аралык иш-чараларга катышууга чакырды. Бул тууралуу ал Чолпон-Атадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирди.

Жапаров Шавкат Мирзиёевди Алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышы, 2026-жылдагы ШОС саммити жана 2027-жылдагы экинчи «Бишкек+25» тоо саммитине катышууга чакырганын белгиледи.

Президент эки тараптуу сүйлөшүүлөргө канааттанганын айтып, өзбек президентинин Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилелерин өнүктүрүүгө жана элдердин достугун бекемдөөгө кошкон салымдары үчүн ыраазычылыгын билдирди.