Материалдар: 1
Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) мүчө-мамлекеттеринин маалымат каражаттары жана аналитикалык борборлору өз ара ишенимди арттырып, аймактагы кызматташтыкты жана туруктуулукту камсыздоодо маанилүү роль ойноого тийиш. Бул тууралуу ШКУ өлкөлөрүнүн ЖМК жана аналитикалык борборлорунун форумунда айтылды. Кытайдын «Синьхуа» маалымат агенттигинин директорунун орун басары Си Яньчунь медиа борборлордун бул багыттагы негизги миссиясын баса белгиледи.