Бишкекте өткөн ШКУга мүчө өлкөлөрдүн ЖМК жана аналитикалык борборлорунун форумунда маанилүү билдирүү жасалды. Анда маалымат каражаттары жана аналитикалык борборлор мамлекеттер аралык өз ара ишенимди бекемдөөгө, кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле аймактагы тынчтык менен туруктуулукту камсыздоого олуттуу салым кошуусу зарыл экени белгиленди. Кытайдын «Синьхуа» маалымат агенттигинин директорунун орун басары Си Яньчунь бул миссиянын актуалдуулугун айтты.
Си Яньчунь быйыл ШКУнун түзүлгөнүнө 25 жыл болгонун эске салды. Бул мезгил аралыгында мүчө-мамлекеттер биргелешкен аракеттер менен өнүгүүгө умтулуп, тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөө боюнча чоң иштерди аткарышкан.
25 жыл ичинде ШКУ өлкөлөрү биримдикте аракеттенип, биргелешип өнүгүүгө умтулушту. ШКУ алкагында маалымат каражаттары жана аналитикалык борборлор аймактык жана дүйнөлүк тынчтыкты, туруктуулукту бекемдөөдө көпүрө катары маанилүү миссияны аткарып келишет.
«Синьхуа» агенттиги ШКУнун тарыхын жана дүйнө аренасындагы жетишкендиктерин чагылдырууга, ошондой эле уюмдун үнүн эл аралык коомчулукка жеткирүүгө дайыма умтуларын белгиледи.
Си Яньчунь форумдун катышуучуларына беш негизги демилгени сунуштады. Алардын биринчиси — айырмачылыктарга карабастан, жалпы максаттарды издөө жана өз ара ишенимди бекемдөө зарылчылыгы. Анын пикиринде, ЖМКлар жана аналитикалык борборлор өлкө элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүүгө жана жалпы баалуулуктарды жайылтууга көмөктөшүшү керек.





