Материалдар: 2
Эмгек министрлиги Сирия менен Ирактагы куралдуу кагылышуулардан Кыргызстанга 500гө жакын жарандын, негизинен аялдар менен балдардын, кайтарылганын билдирди. Реинтеграция программасы медициналык жардам, психологиялык колдоо, мугалимдерди окутуу жана кесиптик билим берүү сыяктуу чараларды камтыйт.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Сирияга каршы киргизилген бардык санкцияларды жоюуга чакырды. Батыштын айрым өлкөлөрү, анын ичинде Америка Кошмо Штаттары, Сирияга каршы чектөөлөрдү жумшарта баштаганына карабастан, инвесторлор дагы деле этияттык менен мамиле кылууда.