Акыркы төрт жылда Кыргызстан Сирия менен Ирактагы куралдуу жаңжыр аймактарынан болжол менен 500 жаранын кайтарды. Алардын көпчүлүгү аялдар жана балдар түзөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлү Айда Ысатбек кызы билдиргендей, 2021-жылы Ирактан 79 адам, ал эми 2022-2024-жылдары Сириядагы лагерлерден 460 кыргызстандык кайра өлкөгө келген.

Кайтарылган жарандар атайын жабык борборлорго жайгаштырылып, медициналык кароодон өткөрүлдү. Аларга кроникалык жана жугуштуу ооруларга каршы дарылоо, балдарга вакцинация уюштурулду.

Ошондой эле психологиялык колдоо үзгүлтүксүз көрсөтүлүп, куралдуу кагылыштардан улам алган жаракаттарын жеңүүгө басым жасалды. Теологдор менен психологдор аркылуу салттуу диний баалуулуктар түшүндүрүлүп, жарандардын укуктук статусу жана жеке документтери калыбына келтирилди.

Билим берүү тармагында да жумуштар жүрүп, 85 мектептен 251 мугалим менен 36 тренер адистештирилген окутуудан өттү. 308 бала билим берүү процессине кайра интеграцияланды.

Андан сырткары, 132 бала таланттарын өнүктүрүү боюнча тренингдерге катышып, 44 бала кошумча сабактарга тартылды. 22 өспүрүм кесиптик билим алууга мүмкүнчүлүк алды.

Реинтеграция программасы кайтарылган үй-бүлөлөрдү коомго кайра калыбына келтирүүгө багытталган чаралардын бири болуп саналат.