Материалдар: 1
Баткен облусунда бир нече курулуш объектилеринде иштер убактылуу токтотулду. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, бул чечим курулуш аянтчаларын көрктөндүрүү жана коопсуздук талаптарын бузуулардан улам кабыл алынган. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө тосмолордун, жарыктандыруунун жана кирүү жолдорунун жоктугу сыяктуу бир катар кемчиликтер аныкталган.