Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Баткен облусундагы курулуш объектилеринде курулуш-монтаждоо иштерин токтотту. Бул чара курулуш аянтчаларын көрктөндүрүү боюнча талаптардын бузулушуна байланыштуу кабыл алынган.

Ведомствонун «Объектилерди курууда аймактарды көрктөндүрүүнү камсыздоо жөнүндө» буйругун аткаруунун алкагында атайын рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.

Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө адистер бир катар курулуш аянтчаларында одоно кемчиликтерди аныкташты. Атап айтканда, объектилер толугу менен тосулган эмес, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоочу коргоочу тосмолор жана чатырлар жок болгон. Ошондой эле, тышкы жарыктандыруу, кирүү жолдору жана автоунаа дөңгөлөктөрүн жуучу жайлар уюштурулган эмес.

Мыйзам бузуулар Кызыл-Кыя шаарындагы төмөнкү объекттерде аныкталган:

  • Ленин көчөсү, 3Б дарегиндеги өзгөрүлмөлүү кабаттуу (3төн 7 кабатка чейин) турак жай комплекси;
  • Кулатов көчөсүндөгү 7 жана 8 кабаттуу эки блоктон турган турак жай комплекси;
  • Кулатов көчөсү, 132А дарегиндеги 7 кабаттуу турак жай комплекси.

Текшерүүнүн жыйынтыгында «Золотой Квадрат» ЖЧК, «Элит Гранд» ЖЧК жана «Асыл Холдинг» ЖЧК курулуш компанияларына карата тиешелүү актылар түзүлдү. Аталган объекттердеги иштер аныкталган кемчиликтер толугу менен жоюлганга чейин убактылуу токтотулду.