Материалдар: 1
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба министрлиги Бишкек шаарынын Осмонкулов көчөсүндөгү капиталдык ремонттун абалы тууралуу маалымат берди. 1,37 чакырым узундуктагы жолдун оңдоо иштери акыркы баскычта жана азырынча расмий пайдаланууга кабыл алынган жок. Министрлик кемчиликтерди жок кылууга подрядчылардын алдында милдеттенмелер коюлганын маалымдады.