Материалдар: 3
Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров ЮНЕСКОнын генеральный директору Халед Аль-Анани менен жолугушуп, билим берүү, илим, маданият жана өлкөнүн тарыхый, табигый мураларын сактоо боюнча кызматташууну бекемдөө жолдорун талкуулашкан. Жогорудагы жолугушуудо «Бишкек+25» тоо саммитинин даярдыгы жана Көлдүн экожүйесин сактоо боюнча эл аралык траст фонду түзүү демилгеси да маалым болгон.
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Өзбекстандын маданий министрлиги 2026–2027-жылдарга карата маданий кызматташтык боюнча иш-чаралар планын түзүп, кол коюшту. Бул документ эки өлкөнүн маданий байланыштарын бекемдөөгө, жалпы мурастарды жайылтууга жана биргелешкен долбоорлорду кеңейтүүгө багытталган. Кол коюу Өзбекстандын президентинин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик визити учурунда ишке ашты.
Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев 100 жылдык мааракенин алкагында өткөрүлө турган иш-чаралар боюнча маалымат берди. Ч.Айтматовдун туулганына 100 жыл толушу 25 мамлекеттик жана 7 эл аралык масштабдагы иш-чара менен белгиленмекчи. Ал ошондой эле 2028-жыл ШОС уюмунун мүчө мамлекеттеринде Ч.Айтматов жылы деп жарыяланат.