🚗 Жогорку Кеңештин депутаттары жыйында маанилүү социалдык-экономикалык маселелерди талкуулашты.
💼 Дастан Бекешев автотранспорт каражаттарынын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу механизмин өзгөртүүнү сунуштап, полисти сатуучу эмес, аны сатып алуучу сатып алышы керектигин айтты. Ал ошондой эле банк тармагындагы алдамчылык, өзгөчө онлайн насыялар боюнча тынчсыздануусун билдирди.
🏫 Акылбек Түмөнбаев каржылоо жана кадр маселеси чечилбегендиктен жаңы бала бакчалар ачылбай жатканын белгилеп, министрлер кабинетин бул көйгөйгө көңүл бурууга чакырды.
💧 Балбак Түлөбаев Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда, ошондой эле Чүй облусунун Кемин районунда ичүүчү жана сугат суунун жетишсиздигине токтолуп, каналдардын абалына токтолду.
🏫 Акбөкөн Таштанбеков Ысык-Ата районундагы мектептердеги шарттарды жакшыртуу, анын ичинде класстарды жабдып берүү зарылдыгын көтөрдү.
🏛️ Жалолидин Нурбаев Дөбө-Коргон айылындагы Маданият үйүн оңдоп-түзөөнү сунуштап, Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде суу өчүрүү коркунучу жаралган тургундардын көйгөйүн айтты.
🚰 Бакытбек Марипов Ноокат районунун таза суу жана канализациясын оңдоо, Арал айылындагы билим берүү мекемелерин куруу маселесине токтолду.
💧 Таалайбек Сарыбашов социалдык объектилер курулуп жатканы менен, өзгөчө Алай районунда калкты таза суу менен камсыздоо маселеси актуалдуу бойдон калып жатканын баса белгиледи.
🏞️ Азамат Исраилов Ош шаарынын тургундарынын балдар аянтчаларын куруу жана жашы жете электерге энергетикалык суусундуктарды сатууну көзөмөлгө алуу боюнча кайрылууларына көңүл бурду.
🔥 Кундузбек Сулайманов Кара-Көл шаарында өрт чыгып, тургундар жардамга муктаж болуп жатканын айтып, Токтогул районунда капиталдык оңдоодон өткөндөн кийин үч мектепти жаңы эмеректер менен камсыздоо зарылдыгын белгиледи.
🚧 Шарапаткан Мажитова 5 айдан бери иши жүрбөй жаткан Чыгыш айылындагы көп жылдардан бери оңдоп-түзөө иштерин бүтүрүүгө чакырды.