🌍 Нью-Йоркто Кыргызстан менен Албаниянын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу болду.
🤝 Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду күчөтүү жана соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү зарылдыгына токтолду.
🌐 Талкуунун жүрүшүндө тараптар эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу маселелерин карап, биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгилешти.
📅 Кыргыз тарап албан тараптан Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдоону суранды.
✈️ Жыйындын соңунда дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу боюнча келишимге кол коюлду.