Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо 2026-жылы өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна тандоо турунун экинчи айлампасында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Өзбекстанга 2:3 эсебинде жеңилди. Жеңилгенине карабай, Кыргызстандын курамасы квалификациялык баскычтын 3-туруна чыкты.
Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын беттешинин алдында маалымат жыйыны өтүп, анда машыктыруучу Максим Лисицын команданы калыбына келтирүү жана тактикалык пландар тууралуу айтып берди. Капитан Валерий Кичин оюнчуларды даярдоо жана калыбына келтирүү маанилүү экенин белгиледи. Беттеш 9-сентябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Өзбекстан менен болгон маанилүү беттештин алдында Бишкекте машыгуудан өттү. КФУнун президенти Камчыбек Ташиев жакында Иран менен болгон беттештен кийин алардын Азия деңгээлиндеги атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн белгилеп, оюнчуларды колдоп чыкты.
Париждеги Олимпия айылында Кыргызстандын спортчулары үчүн атайын меню даярдалган. Ашкана йогурт, жемиш десерттери жана шорпо сыяктуу тамактар бар. Бирок, спортчуларга диетолог жана психолог жок, бул алардын даярдыгын кыындатууда.