🏢 Бишкек шаарында турак жайлардын лифт жабдууларын модернизациялоо уланууда.
🔧 Вице-мэр Рамиз Алиев шаардагы 966 лифтти тейлөө милдетин алган “Бишкекгорлифт” ЖЧКсынын аткарып жаткан иштеринин жүрүшүн текшерди.
📈 Мэрия жыл сайын 100 лифтти алмаштырууну пландаштырууда, анткени алардын көбү 40 жылдан ашык иштеп, колдонуу мөөнөтү аяктаган.
✅ Учурда 53 лифт жаңыланды, 21 монтаждоо акыркы стадиясында, жылдын аягына чейин дагы 26 лифттин ишин бүтүрүү пландалууда.
🏠 Рамиз Алиев бир нече объектилерди, анын ичинде модернизациялоо иштери аяктаган Матросов көчөсүндөгү үйдү жана эксплуатациялоо иштери уланып жаткан 7-кичи райондогу үйдү көрдү.
💰 Үстүбүздөгү жылдын 1-августунан тарта лифттин тейлөө тарифи 1 чарчы метрине 8,31 сомду түзөт, анын ичинде техникалык тейлөө жана видеокөзөмөл орнотуу сыяктуу кошумча кызматтар.