Жогорку Кенештин пленардык жыйынында мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жана келечектеги пландоо мезгилдери талкууланды. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин айтымында, 2027-жылга каралган бюджеттин негизги багыты — экономикалык өсүштү камсыз кылуу, калктын жашоо сапатын жогорулатуу жана социалдык милдеттерди аткаруу болуп саналат.

Келечектеги бюджеттик каражаттар социалдык тармактарга жана узак мөөнөттүү экономикалык өсүш үчүн маанилүү болгон ири инфраструктуралык долбоорлорго багытталат. Адылбек Касымалиевдин билдирүүсүнө ылайык, 2027-жылы ИДПнын көлөмү 2 триллион 736 миллиард сомдон ашат деп болжолдонууда.

Социалдык тармактарга бөлүнгөн каражаттар

134,2 млрдбилим берүүгө
76,4 млрдден соолукка
47,3 млрдсоциалдык коргоого
Ранее по темеБюджеттик айырма: 2027-жылкы долбоордо окуу китептерине 895 млн сом гана бөлүнгөн, ал эми президенттик жарлыкта 8,5 млрд сом каралган

Инфраструктуралык багыттагы инвестициялардын айрым бөлүктөрү төмөнкү долбоорлорго жумшалат:

  • Барскоон - Бедел автожолун куруу — 17,7 млрд сом;
  • «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу долбоорунун капитализациясы — 8,6 млрд сом;
  • Энергетикалык компанияларды капиталдандыруу — 5 млрд сом;
  • Таза суу, ирригация жана башка инфраструктуралык иштер — 10 млрд сом.
2027-жылы социалдык саясаттын алкагында бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган көп балалуу энелерге «Бала Береке» бир жолку жөлөкпул төлөөлөрү башталат.
Адылбек Касымалиев

Ошондой эле, Президенттин Жарлыгына ылайык, 2027-жылдын 1-январынан тарта бир катар социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү жогорулатылат. Министрлер Кабинети инфляциянын таасирин азайтуу, азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо жана импортко болгон көз карандылыкты кыскартуу боюнча иштерди күчөтүүнү пландап жатат.