Ички иштер министрлигинин Кылмыш издөө башкы башкармалыгынын 6-башкармалыгынын бөлүм башчысы Чолпон Назаркулованын билдирүүсүнө караганда, 2026-жылдын тогуз айында өлкөдө адам соодалоо боюнча эч кандай маалымат катталган эмес.
Ошону менен бирге, ата-энелердин өз балдарын сатуу учурлары аныкталып, алар боюнча кылмыш иштери иликтенүүдө жана сотко өткөрүлүп жатат.
Бүгүнкү күндө адам соодалоо Кыргызстанда гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө актуалдуу маселелердин бири бойдон калууда. XXI кылымда жашап жатсак да, ар кайсы өлкөлөрдө адамдарды сатуу, алардын эркиндигин чектөө жана ар кандай жолдор менен эксплуатациялоо фактылары кездешип турат.
Назаркулованын айтымында, дүйнөлүк практикада эң оор кылмыштардын катарына эмгекти эксплуатациялоо жана органдарды алып кетүү кирет.
Статистикалык көрсөткүчтөр
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкөдө бул кылмыштын көрсөткүчү жылдар бою өзгөрүп турган.
Адам соодоо боюнча катталган кылмыштардын саны
- 2021-жыл
6 факты катталган
- 2022-жыл
1 факты катталган
- 2023-жыл
2 факты катталган
- 2024-жыл
20 факты катталган
- 2025-жыл
2 факты катталган








