Күз келиши менен организмге түшкөн жүк да өзгөрөт. Эксперттер белгилегендей, жайкы тамактануу рациону күзгү-кышкы мезгилде активдүү жашоону кармоо үчүн жетиштүү энергия бербейт.

Күзүндө ден соолуктун абалына таасир этүүчү факторлор

Мезгилдин алмашуусу көбүнчө аба ырайынын начарлашы менен коштолот — нымдуулук жана температуранын төмөндөшү. Мындан тышкары, күндүн узактыгынын кыскарышы организмдеги D витамининин деңгээлин төмөндөтөт. Бул факторлор жыйындысында табигый коргоо функцияларын алсыратып, ар кандай органдардын ишине терс таасирин тийгизип, чарчоо, баш оору жана ачуулануунун жогорулашын пайда кылышы мүмкүн.

Организмди чыңдоо боюнча сунуштар

  • Күн тартибин так сактоо жана уйкуга жетиштүү убакыт бөлүү
  • Керектүү витаминдерге басым жасап, тең салмактуу тамактанууну кармоо
  • Резервдик күчтөрдү козгоо үчүн үзгүлтүксүз физикалык активдүүлүк
  • Стресс факторлорун минимумга түшүрүү
  • Үйдө жагымдуу микроклиматты камсыз кылуу: абанын температурасы +18ден +22 °Ска чейин жана нымдуулук 50–60%
  • Врачтан алдын алуу медициналык текшерүүлөрүнөн өтүү

Ошондой эле суук күндөрдө үшүп калбоо үчүн табигый кездемеден тигилген кийимдерди тандоо сунушталат.