Министрлер Кабинетинин төрагасы - Президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев маалымат жана басма күнү менен масс-медиа кызматкерлерин куттуктады. Кабминдин пресс-кызматынын билдирүүсүнө таянса, ал журналистика бүгүнкү окуялардын келечек муундардын эсинде кандай сакталышын жана кандай бааланышын аныктаган негизги фактор экенин белгиледи.

Адылбек Касымалиевдин айтымында, журналисттердин негизги милдети — коомдук мааниге ээ болгон окуяларды өз убагында жана объективдүү чагылдыруу, ошондой эле жарандарды ишенимдүү маалымат менен камсыз кылуу болуп саналат.

Коомдун ишеними — масс-медиа каражаттарынын эң башкы баалуулуктарынын бири. Бул ишенимди сактоо жана чыңдоо медиа коомчулугунун ар бир өкүлү үчүн кесиптик милдет болуп саналат.
Адылбек Касымалиев

Технологиялардын тез өнүгүшү шартында фактыларды текшерүү, кесиптик этиканы сактоо жана коомдук кызыкчылыктарды эске алуу өзгөчө маанилүү экени белгиленди. Касымалиев журналисттерге ден соолук, бакубатчылык, кесиптик ийгиликтер жана чыгармачылык шык-шынаар каалады.