Министрлер Кабинетинин төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев өлкөнүн жаш жарандарын Жаштар күнү менен куттуктады. Майрам жыл сайын 10-ноябрда белгиленет.

Өз кайрылуусунда мамлекет башчысы бүгүнкү күндө 14тан 35 жашка чейинки жаштар өлкө калкынын олуттуу бөлүгүн түзөрүн белгиледи.

Адылбек Касымалиев дал ушул мезгилде инсандын пайдубалы түптөлөрүн, ал эми билим деңгээли жана адистикти аң-сезимдүү тандоо мамлекеттин өнүгүүсүнө кошулган салымга түздөн-түз таасир этерин баса белгиледи.

Жаш муундун билими канчалык терең болсо, ал адистикти канчалык эрте жана аң-сезимдүү тандаса, анын авторитети ошончолук жогору жана туулган өлкөнүн өнүгүүсүнө кошуган салымы ошончолук чоң болот.
Адылбек Касымалиев
  • 2002-жыл — Өкмөттүн токтому менен Кыргыз Республикасынын Жаштар күнү расмий түрдө белгиленген