Ага Хан фонду жана Данвит фонду Ысык-Көл облусунун жергиликтүү коомчулугун колдоо, ишкердикти өнүктүрүү жана экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн күчтөрдү бириктирди. RISE Issyk-Kul деп аталган бул биргелешкен долбоор аймактын тургундарынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатууга багытталган, - деп билдирди Ага Хан фонду.

Долбоордун алкагында аялдар менен жаштардын өзгөчө көңүл бурулуп, алардын ишкердик, туризм жана жергиликтүү экономиканын башка багыттарына катышуусу колдоого алынат.

Ысык-Көл аймагы туризмди жана жергиликтүү бизнести өнүктүрүү үчүн чоң потенциалга ээ, бирок азыркы учурда регион табигый ресурстарга болгон күчтүн көбөйүшү, суунун жетишсиздиги жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн рынокторго жетүүсүнүн чектелгендиги сыяктуу маселелерге туш болууда.

Инициативанын биринчи этабында Каракол шаары жана анын тегереги, ошондой эле Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунун айрым айылдары камтылат. 2026-жыл ичинде уюштуруучулар өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана тургундардын муктаждыктарын эске алуу менен практикалык чечимдерди иштеп чыгуу үчүн жергиликтүү коомчулук менен иштешет.

Ноябрь айында эки фонддун командалары долбоор ишке ашырыла турган аймактарга иш сапары менен барышты. Ал жерде жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, коомчулуктун муктаждыктарын, өнүктүрүү артыкчылыктарын жана келечектеги инвестициялардын багыттарын талкуулашты.