14-ноябрда БУУнун COP31 климаттын өзгөрүшү боюнча саммитинин алкагында «Климаттын өзгөрүшү жана тоо туризми: табигый мурасты коргоо жана туруктуу келечекке инвестициялар» деген темада эл аралык панелдик сессия болуп өттү. Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикте билдиришкендей, талкуунун негизги темалары туристтик инфраструктура үчүн климаттык тобокелдиктер, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана эл аралык каржылоону тартуулоо мүмкүнчүлүктөрү болду.

КР Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун кеңешчиси Санжарбек Болотов тоо экосистемаларынын туризм тармагы менен өз ара байланышын жарыктандырып, учурдагы коркунучтарды белгиледи. Табигый кырсыктардын санын көбөйүшүнө жана каркын барсы (ирбис) жашаган чөйрөнү коргоо зарылчылыгына өзгөчө көңүл бурулду.

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы климаттык тобокелдиктер

348сел кубулуштары
≈5 эсеөткөн жылга салыштырмалуу өсүш

Климаттык жана жаратылышты коргоо демилгелерин колдоо маселелери менен Азия өнүктүрүү банкы да алектенди. АББнын жаратылыш жана курчап турган чөйрө бөлүмүнүн директору Йоко Ватанабе региондорду туруктуу өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду эл аралык каржылоо механизмдери жөнүндө маалымат берди.

  • Туризмди өнүктүрүүдө климаттык тобокелдиктерди эске алуу
  • Тоо экосистемаларын сактоо
  • Жергиликтүү жамааттардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү