Кыргызстанда Жалал-Абад облусунда заманбап токой питомниги комплексин ишке киргизүү пландалууда. Долбоор токой уруктарынын базасын чыңдоого жана «Жашыл Мурас» улуттук демилгесин колдоого багытталган. Бул тууралуу КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Токой экосистемаларын калыбына келтирүү үчүн инфраструктура түзүү маселесин Жаратылыш ресурстары министринин орун басары Асель Раимкулова жана Азиялык токой тармагындагы кызматташтык уюмунун (AFoCO) аткаруучу директору Пак Чонгхо талкуулашты. Жолугушуу БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 31-Конференциясынын (COP31) алкагында өттү.
Питомник түзүүдөн тышкары, тараптар айыл чарбасына инновацияларды киргизүү маселелерин да козгоду. Тактап айтканда, Rabobank менен биргеликте ишке ашырылып жаткан ACORN программасы талкууланды. Ал Жерди аралык зонддоо технологияларын колдонууну жана агрардык секторду климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлаштыруу үчүн агротокойчулукту өнүктүрүүнү карайт.
Ошондой эле күн тартибинде Борбордук Азиядагы туруктуу азык-түлүк системаларын жана экосистемаларын камсыз кылуу үчүн ландшафттарды калыбына келтирүү боюнча регионалдык долбоор каралган.

















