АКШ Мамлекеттик департаменти кибер кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү үчүн жаңы глобалдык виза саясатын жарыялады. Бул чаралар интернет аркылуу жасалган алдамчылык, кибератакалар жана сексуалдык шантаж сыяктуу кылмыштарга тиешелүү адамдарга каршы колдонулат.

Виза чектөөлөрү АКШнын Миграция жана жарандык мыйзамынын 212(a)(3)(C) бөлүмүнө ылайык киргизилет. Кээде мындай чаралар кылмышка катышкан адамдардын үй-бүлө мүчөлөрүн да камтышы мүмкүн.

АКШ бийлиги кылмыштуу уюмдарга каршы санкциялар, кылмыш иштерин козгоо, активдерди камоо, экстрадиция жана эл аралык укук коргоо кызматтары менен кызматташтык аркылуу натыйжалуу күрөшүүнү пландаштырууда.

Мамлекеттик департаменттин маалыматына караганда, 2024-жылы кытайлык трансулуттук кылмыштуу топтордун көрсөтмөсү менен иштеген алдамчылар АКШ жарандарынын 10 миллиард доллардан ашуун каражатын уурдады. Мындай кылмыштар коррупцияга, акчаны адалдоого жана адам соодасына шарт түзөт.

Маалыматтар

10 млрд $АКШ жарандарынын уурдалган каражаты 2024-жылы
2024жылдагы статистика
212(a)(3)(C)АКШнын мыйзамдагы колдонулган бөлүм