Жумгал районунун инфраструктурасын жакшыртуу максатында сегиз бирдик атайын техника бөлүнөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Техникалар Президенттин Стабилдештирүү фондусунун жана «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондусунун колдоосу менен сатылып алынган.
Облус жетекчиси Нурбек Сатаров 23-июлда Жумгал районуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө алгачкы техниканы тапшырды. Ал Стабилдештирүү фондунун эсебинен алынган.
Түгөл-Сай айыл өкмөтүнө бир экскаватор, ал эми Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнө ата мекендик өндүрүштүн «Шумкар» үлгүсүндөгү таштанды ташуучу атайын техника берилди.
Жумгал районуна берилүүчү техника
Учурда калган техникаларды сатып алуу жана аларды районго жеткирүү иштери улантылууда.


