28-июлда Бишкек шаарында Экотехнадзор кызматынын инспекторлору менен Жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери биргелешкен рейд өткөрүштү. Анын максаты — унаалардын абаны булганышын көзөмөлдөө жана экологиялык мыйзамдардын сакталышын камсыздоо болчу.
Рейд учурунда Кодексте каралган талаптарды бузган үч жаранга карата протоколдор түзүлүп, аларга 22 500 сом жалпы өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Министрликтин басма сөз кызматынын билдиришинче, бул чаралар жарандарга экологиялык мыйзамдарды сактоонун маанилүүлүгүн түшүндүрүүгө жана айлана-чөйрөнү коргоого багытталган профилактикалык иштердин алкагында уюштурулду.
Рейдтин негизги максаты — жарандардын экотехникалык талаптарды сактоого жоопкерчилигин көтөрүү жана абанын булганышына жол бербөө болчу.









