Өңүрөөдөгү инцидент 21-ноябрда катталган. 1996-жылы туулган эркек "Рацек бочоңунан" түшүп жатканда бутунан жаракат алган. Алынган жаракатка карабастан, турист Шаркыратма участогуна чейинки жолдун бир бөлүгүн өз алдынча басып өтө алган, андан кийин "112" кызматына чалуу түшкөн.

Кыргызстандын ӨКМ пресс-кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жабырлануучуга жардам берүү үчүн "Эдельвейс" нөөмөтчү тобу токтоосуз чыккан. Куткаруучулар эркекти коштоп жүргөн адамдар менен биргеликте анын коопсуз түшүүсүн камсыз кылышты.

Учурда 30 жаштагы эркектин абалы туруктуу деп бааланууда.