Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматы боюнча, Арашан — Чункурчак маршрутунда жаңы жол пайда болду. Бул долбоордун алкагында мамлекеттик бюджеттен каржыланган техникалык объекттер да курулду.

21асфальтталган жол (км)
2көпүрө
48суу өткөрүүчү түтүк
14металл коргоо (км)

Жаңы жолдун пайда болушу менен Бишкек шаарынан Чункурчакка баруу убактысы бир саатдан 20-30 мүнөткө чейин кыскарды. Бул курулуш популярдуу курортко жетүүгө шарт түзөт.

Проекттин жүрүшүндө жолдун коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу үчүн эки көпүрө курулуп, 48 суу өткөрүүчү түтүк орнотулду. Ошондой эле, 14 чакырымдан ашык металл коргоолер коюлду.