Күнүмдүк жашоодо кеңири колдонулган дары каражаттарын туура эмес колдонуу боордун олуттуу иштешинин бузулушуна алып келиши мүмкүн. Бул маселе боюнча Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин фармаконадзор жана жарнама бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Жумагулова менен маектешүү өткөрүлдү.
Дары-дармек гепатити деген эмне?
Дары-дармек (медикаментоздук) гепатити — бул дары каражаттарынын боор клеткаларына токсикалык таасиринен улам келип чыккан жабыркаш. Мында боордо сезгенүү, атүгүл некроз процесстери өнүгүшү мүмкүн. Дары-дармектердин таасиринен боордун жабыркашы дарыны ийиз баштагандан кийин орточо эсеп менен 5 күндөн 90 күнгө чейинки убакыттын ичинде байкалат.
Фармацевтикалык өнөр жайдын өнүгүшү менен жаңы продукциялардын рыногу жана экспорттолушу көбөйдү, бул боорго таасир этүүчү терс реакциялардын санынын артышына алып келди.
Боор дээрлик бардык дарыларды жана кошумчаларды иштеп чыгуу менен алгачкы коркунуч алдында турат. Жабыркаштуук төмөнкү каражаттардын таасиринен болушу мүмкүн:
- Ооруну дарылоо үчүн кабыл алынган препараттар
- Алдын алуу максатында колдонулган дарылар
- Ар кандай чөптөр
- Биологиялык активдүү кошумчалар










