Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору Кыргызстандын ар бир жараны гепатит В вирусуна каршы вакцинаны акысыз ала алаарын эске салды. Бул маалыматтын алкагында, жарандарга эмдөөдөн өтүүнүн тартиби түшүндүрүлдү.
Эмдөө алуу үчүн жашаган жериңиздеги Үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрылуу талап кылынат. Ал жерден экспресс-тестке жолдомо алып, гепатит В вирусуна текшерүүдөн өтүү керек. Эгерде тесттин жыйынтыгында вирус аныкталса, вакцинация жүргүзүлбөйт. Ал эми вирус табылбаса, эмдөөгө жолдомо алып, гепатит Вга каршы эмдөөдөн өтсө болот.
Борбордун маалыматы боюнча, тесттен өтүү жана вакцинациялоо толугу менен акысыз негизде көрсөтүлөт. Толук курсту аяктагандан кийин узак мөөнөттүү иммунитет пайда болот, ал кеминде 10 жылга созулуп, вирустан коргойт. Бул, анын ичинде стоматологиялык процедуралар, маникюр жана кан менен башка байланыштар учурунда жугуштуу оорулардан сактайт.
Кошумча маалымат алуу үчүн +996 506 77-80-05 номуруна чалсаңыз болот.



