Чолпон-Ата шаарындагы айланма жолдун курулушу Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу жана мамлекеттик бюджеттин каражаты менен Унаа жана коммуникациялар министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.

Долбоор шаар ичиндеги жолдорго түшкөн жүктү азайтууга жана жалпы жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган.

Учурда жолдун 4 чакырым бөлүгүнө асфальт төшөө иштери аяктады. Ошол эле учурда көпүрөлөрдү, суу өткөрүүчү курулмаларды жана жээк дубалдарын куруу, ошондой эле инженердик коммуникацияларды которуу иштери да улантылууда.

Айланма жолдун жалпы узундугу 15,64 километрди түзөт.

Долбоорго тартылган ресурстар

417жумушчу
186атайын техника