2026-жылдын 29-июлунда Астанада «Келечектин оюндары – 2026» эл аралык мультиспорттук мелдештин алкагында фиджитал спорттун келечеги темасында Жайкы саммит болуп өттү. Бул иш-чарага Кыргызстандын физикалык культура жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнүн спорт министрлери жана эл аралык спорт уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Саммиттин ачылышында Казакстандын туризм жана спорт министри Ербол Мырзабосынов, Орусиянын спорт министри Михаил Дегтярёв жана Бириккен Араб Эмираттарынын спорт министри Ахмед Бельхул Аль-Фаляси сөз сүйлөдү. Алар санариптик технологиялардын спортко таасирин жана фиджитал спорттун өнүгүшүн баса белгилешти.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар фиджитал спорттун жаңы багыттарын түзүүдө, ошондой эле санариптик технологияларды спорттук индустрияга киргизүүдө ар кайсы өлкөлөрдүн тажрыйбаларын талкуулашты. Мындан тышкары, дамыган элдер ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жана фиджитал спорттун келечектеги потенциалын чагылдыруу маселелери каралды.