Кыргызстандын Ден соолукту чыңдоо жана спорт агенттигинин директору Урмат Асанбаев 2026-жылы Астанада өткөн «Игры будущего – 2026» эл аралык мультиспорттук мелдешинин алкагында Беларусия жана Казакстан спорттук ведомстволору менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушууларда Урмат Асанбаев Беларусиянын спорт жана туризм министри Сергей Ковальчук жана Казакстандын туризм жана спорт министри Ербол Мырзабосынов менен сүйлөшүп, кийинки кызматташтык маселелерин карады.