Ош шаарында паралимпиадалык жекече спорт түрү бочча боюнча ачык чемпионат өтүп, 24-июлдан баштап бир нече категорияда атаандаштык уланды.
Чемпионат Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан мэриянын колдоосу менен уюштурулду.
Спортчулар BC1ден баштап BC4 категориялар учурунда күч сынашты.
Жыйынтыгында чемпионаттын жеңүүчүлөрүнө жана байгелүү орун ээлерине сыйлыктар тапшырылды.
Ош шаардык мэриясынын вице-мэри Масуда Айдарбекова жеңүүчүлөрдү куттуктап, алдыдагы ийгиликтерди каалады.












