49 жаштагы ирландиялык 9-август кечинде күчөтүлгөн коопсуздук чаралары менен Дублинге жеткирилди. Ал Жогорку Кылмыш сотуна алып барылып, кылмыштуу уюмду башкарган деп айыпталды.
Буга чейин ал кылмыштуу топко тиешелүү экенин четке кагып, муну өзүн жаманатты кылуу кампаниясы деп атаган.
Дубай полициясынын маалыматы боюнча, апрель айында ал ирландиялык бийликтердин суроо-талабы боюнча БАЭ Ички иштер министрлигинин катышуусу менен кармалган. Буга чейин Дублин эмират тарапка кылмыш ишинин материалдарын, анын ичинде айыптоолорду жана анын эл аралык кылмыштуу топтордогу болжолдуу ролун сүрөттөгөн документтерди жиберген. Документтерди изилдегенден кийин Дубай прокуратурасы экстрадициялоо процедурасын баштоо үчүн камакка алуу ордерин чыгарган.




