2026-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо жана пенсиянын минималдык өлчөмүн 8800 сомго чейин жогорулатуу пландалууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы билдирди.

Индексация Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 10-августундагы Жарлыгын ишке ашыруу жана “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат. Аны өткөрүүнүн негизи болуп мурунку календардык жылдагы орточо эмгек акынын өсүшү жана керектөө бааларынын индекси саналат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын жыйынтыгы менен керектөө бааларынын индекси 108,2%ды, ал эми орточо эмгек акынын өсүшү 117,6%ды түзгөн. Эсептелген индексация коэффициенти 1,13 болгон.

Ошону менен бирге, Социалдык фонддун бюджетинин каржылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу жана пенсионерлерди кошумча колдоо максатында 2026-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн индексациялоо коэффициенти 1,20 өлчөмүндө белгиленет. Бул индексация 1000 сомдон аз эмес жана 10 000 сомдон көп эмес болушу керек.

Мындан тышкары, пенсия жаңы дайындалганда, анын минималдык өлчөмү базалык пенсиянын эсебинен 8800 сомдон төмөн болбошу керек.

Пенсиялык системага тиешелүү көрсөткүчтөр

8800сом – пенсиянын минималдык өлчөмү
832,4 миңадам – пенсионерлердин болжолдуу саны (2026-ж. 1-октябрына карата)
4,4 млрдсом – индексацияга Пенсиялык фонддон каралган каражат
12898сом – пенсиянын болжолдуу орточо өлчөмү

Социалдык фонддун алдын ала эсептөөлөрү боюнча, бул индексациянын натыйжасында пенсиянын орточо өлчөмү 12 898 сомго жетет.