Эски имараттарды оңдоп-түзөө, жаңы курулуштарды жүргүзүү же жер жумуштарын аткаруу учурунда кээде баалуу тарыхый же материалдык мааниге ээ буюмдар – эски тыйындар, зер буюмдар же башка баалуулуктар табылып калышы ыктымал. Мындай учурда табылган нерсенин юридикалык статусу жана анын келечектеги тагдыры боюнча маселе жаралат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары табылган мүлктүн статусуна жараша аны кимге өткөрүп берүү керектигин же тапкандарга сый акы берилерин аныктайт.

Кенч эмне деп эсептелет?

Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 261-беренесине ылайык, жерге көмүлгөн же башка жол менен жашырылган акчалар же баалуу буюмдар, ээси аныкталбай калган же мыйзам боюнча ага болгон укугун жоготкон учурда кенч деп таанылат.

Адвокат Людмила Стасенконун айтымында, кенч үчүн үч негизги мүнөздөмө бар:

  • Бул баалуулуктар – өз алдынча материалдык баасы бар мүлк;
  • Табылган учурда алар жашыруун абалда болгон;
  • Бул баалуулуктардын ээсин аныктоо мүмкүн эмес же ал ага болгон менчик укугун жоготкон.

Дал ушунусу менен кенч кадимки табылгадан айырмаланат.

Табылга кокусунан жоголгон буюмдун натыйжасында пайда болот, мында ошол буюмдун ээси менен байланыш бар деп болжолдонот жана аныктоого тийиш. Ал эми кенч мурунку ээси менен болгон байланышы объективдүү түрдө үзүлгөн жашыруун баалуулуктарды билдирет.
Адвокат Людмила Стасенко