Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын өкүлдөрү ийгиликтерди жарата алышты. U-15 жаш курагындагы Саида Сабырова жана Кенчгүл Жээнбекова дүйнөлүк аренада алтын жана күмүш медальдарды утуп алышты.
Саида Сабырованын алтын жеңиши
44 кг чейинки салмак категориясында чыккан Саида Сабырова финалга чейинки жолдо бир нече күчтүү каршылаштарын жеңди. Ал Өзбекстандын, Россиянын, Индиянын жана Азербайжандын спортчуларынан басып өтүп, биринчи орунду ээледи.
Саида Сабырованын жеңиштери
Кенчгүл Жээнбекованын күмүш медалы
40 кг чейинки салмак категориясында чыккан 13 жаштагы Кенчгүл Жээнбекова дүйнө чемпионатынын күмүш призери аталды. Ал Россиянын жана Индиянын спортчуларын жеңип, финалдык бетте Россиянын Мелания Широкаясынан кийин экинчи орунду ээлеп алды.
Азыркы учурда чемпионат U-15, U-17, U-20 жана чоңдордун категориялары боюнча өтүүдө. Кыргызстандын U-20 жаш курагындагы беш спортчусу мелдештерди улантууда.











