Кыргызстанда жол кызматтарынын кызматкерлери үчүн бирдиктүү атайын форма киргизилет. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Учурда өлкөдө 57 жол эксплуатациялоо мекемеси иш алып барат. Алардын кызматкерлери эл аралык, республикалык, облустук жана райондук маанидеги автожолдорду жыл бою тейлөөдө.
Коопсуздук жана мезгилдик талаптар
Кийимдер коопсуздук талаптарын жана аба ырайын эске алуу менен жасалган. Кызматкерлердин караңгы убакта же көрүнүш начар болгондо байкалуусун камсыз кылуу үчүн формага жарык чагыткыч элементтер жайгаштырылган.
Форманын түрлөрү
Жаңы стандарт боюнча кийимдер үч түрдөн турат:
- кышкы кийим
- жазгы-күзгү кийим
- жазкы кийим
Биринчи кезекте кышкы кийимдер алыскы ашууларды жана катаал климаттык шарттары бар райондорду тейлеген кызматкерлерге берилет. Ар бир жол эксплуатациялоо мекемесин 30 кызматкер үчүн комплекттер менен камсыз кылуу пландалууда.










