Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева Бишкекте өткөн тегерек столдун алкагында бюджеттик чыгымдарды өзүнчө эсепке алуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, учурда каражаттар республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, Социалдык фонд, ошондой эле Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу каржыланууда.

  • социалдык кызматкерлердин жаңы кызмат орундары
  • бийик тоолуу аймактардагы жөлөкпулдор
  • универсалдык балалык жөлөкпулдун көбөйүшү

Акыркы жылдары балдарды колдоо боюнча бир катар иш-чаралар ишке ашырылып жатат. Өзгөчө, өлкө боюнча социалдык кызматкерлердин 550 штатка орду киргизилди. Мындан тышкары, бийик тоолуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөргө үчүнчү баладан тарта «Балага сүйүнчү» жөлөкпулу төлөнө баштады.

Балдар үчүн универсалдык жөлөкпул

1 200сомов
2 эсеөсүшү
Бирок балдардын укуктарын коргоо жөн гана жөлөкпул төлөө менен чектелбейт. Баланын бакубаттуулугу эненин ден соолугуна, туура тамактануусуна, билим алуусуна жана зомбулугунан корголууга түздөн-түз көз каранды.
Асель Чынбаева

Асель Чынбаеванын маалыматы боюнча, баланын өнүгүүсү, ден соолугу жана коопсуздугу сыяктуу багыттар ар башка мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө кирет. Ошондуктан, ар бир багыттын натыйжалуулугун билүү үчүн каражаттарды өзүнчө эсепке алуу зарыл.