23-июлда Баткен облусунун Баткен районундагы Суу-Башы айыл аймагынын Кара-Булак айылында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) башкармалыгы билдирди.

Окуя болгон учурда аталган аймакта жайгашкан «Алтын-Бешик» эс алуу жайында балдар мугалим жана дарыгердин көзөмөлүндө болгон.

Саат 03:10 чамасында эс алуучулар, анын ичинде балдар жана аларды коштоп жүргөн чоңдор «Алтын-Бешик» балдар лагеринен коопсуз жерге эвакуацияланды.

Ранее по темеБаткен районунда мектептер, бала бакча жана ФАПтын курулушу текшерилди