Баткен облусунда 23-июль күнү саат 18:30 чамасында нөшөрлөгөн жаандан кийин сел жүрүп, Баткен шаарына, ошондой эле Баткен жана Кадамжай райондорунун аймактарына таасирин тийгизди.
Сел суулары автомобиль жолдоруна, турак жайларга, короо аянттарына жана административдик имараттарга зыян келтирген. Анын кесепетинен айрым жол тилкелеринде транспорт кыймылы убактылуу токтотулуп, кээ бир райондордо электр жарыгы өчүрүлгөн.
Жыйындар жана чаралар
Кырдаалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаевдин жетекчилиги астында аймактагы жарандык коргонуу кызматтарынын ыкчам жыйыны өткөрүлдү.
Жыйында селден жабыркаган аймактардагы кырдаал тууралуу маалыматтар угулду. Жооптуу кызматтарга табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу жана калктын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыкчам чараларды көрүү тапшырмасы берилди.
Алгачкы кезекте Баткен районундагы “Алтын-Бешик” балдардын ден соолугун чыңдоо лагеринен 30 бала эвакуацияланды. Алар учурда коопсуз жайда. Учурда ӨКМдин куткаруучулары жана облустун жарандык коргонуу кызматтары күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.



