Ош шаарында 23-июлда эки күндүк «Селсаяк» профилактикалык рейди старт алды. Бул иш-чаранын негизги багыты — туруктуу жашаган жери жок жарандарга колдоо көрсөтүү, коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу болуп саналат.

Шаар мэриясынын билдирүүсүнө ылайык, рейддин биринчи күнүндө адистер туруктуу жашаган жери жок жарандарды аныктап, аларга медициналык, социалдык жана башка зарыл болгон жардамдарды көрсөтүштү. Түнөк жайга муктаж болгондорго муниципалдык түнкү баш калкалоочу жайда убактылуу орун сунушталды.

Мындан тышкары, рейддин катышуучулары кароосуз калган имараттарды, жер төлөлөрдү жана үй-жайсыз жарандар жашашы мүмкүн болгон башка жерлерди текшеришти. Бул алдын алуу иш-чаралары жашоочулардын коопсуздугун камсыз кылуу жана туруктуу жашаган жери жок жарандардын топтолушуна жол бербөө максатында жүргүзүлдү.

Муниципалитетте белгиленгендей, рейддин башкы максаты — коомдук тартипти сактоо гана эмес, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга туш болгон адамдарга өз убагында жардам көрсөтүү, аларды андан ары тиешелүү социалдык колдоо кызматтарына багыттоо.

«Селсаяк» рейди 24-июлда да улантылат.