Талас облусунун «Тынчтык» кичирайонунда мамлекеттик ипотека программасынын алкагында 319 ипотекалык батирдин курулушу толугу менен аяктады.

Бул турак жайлар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен курулган. Батирлер Талас облусунун тургундарына Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жеңилдетилген шарттарда, тактап айтканда, жылдык 4% жана 8% үстөк менен берилет.

Жаңы батир ээлерине ачкычтарды расмий тапшыруу аземи бүгүн, 24-июлда өткөрүлөт.