Мамлекеттик Улуттук Коопсуздук Комитети Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Сары-Көо айыльдык аймагынын башчысы Д.Н.Ины кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга байланыштуу кармады.

Маалыматтарга караганда, 2026-жылдын башында ал жеке ишкер менен жасалма кызматтык келишим түзүп, мамлекеттин бюджетине ири суммада зыян келтирген.

Азыркы учурда Д.Н.И убактылуу кармоочу жайда кармалууда, тергөө амалдары улантылууда. Мындай мыйзамсыз иштердин башка фактыларын жана катышуучуларын аныктоо иштерине басым жасалууда.