Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар техникалык жөнгө салуу жаатындагы негизги маселелерди, ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүүнү талкуулашты.
Өзгөчө көңүл Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерде техникалык жөнгө салуу системасын өнүктүрүүгө, шайкештикти баалоо механизмдерин өркүндөтүүгө, өз ара соодадагы тоскоолдуктарды жоюуга, милдеттүү талаптарды шайкеш келтирүүгө жана Евразия экономикалык комиссиясы менен өз ара аракеттенүүнү чыңдоого бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар техникалык жөнгө салуу системасын өркүндөтүүгө жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагында интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча конструктивдүү кызматташтыкты улантууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.








