Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген базистик окуу планына ылайык, жаңы окуу жылынан тарта 3- жана 5-класстардын окуучулары үчүн 500 мектепте шахмат ийримдери уюштурулат.

Буга чейин, июнь айынын башында, президент Садыр Жапаров Кыргызстанда шахматты өнүктүрүү чараларын ишке ашыруу жөнүндө Жарлыкка кол койгон.

Аталган Жарлыктын негизинде Министрлер Кабинети 1-сентябрга чейин шахматты өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча Улуттук программаны сунушташы керек.

Ошондой эле, "Жылдын мыкты шахматчысы" жана "Шахмат боюнча жылдын мыкты машыктыруучусу" деген президенттик атайын сыйлыктар негизделет. Бул сыйлыктардын лауреаттары жыл сайын Кыргызстандын Шахмат федерациясынын сунуштары боюнча аныкталып турат.

Мектептердин тизмеси жана апробациялык программа кийинчерээк Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилет.