Иссык-Куль облусунун Каракол шаарында 2-9 августта эл аралык балдар шахмат турнири — «Жибек жолу кубогу» өтөт. Иш-чара атактуу мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун туулганына 125 жыл салтанаттуу белгилегенине арналган.
Министрликтин маданият, маалымат жана жаштар саясаты боюнча бөлүмү тарабынан уюштурулган оюндун негизги максаты — жаш муундун интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү, балдар жана өспүрүмдөр арасында шахматка болгон кызыгууну арттыруу жана таланттуу шахматчыларды таап, алардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу болуп саналат.
Турнир ошондой эле интеллектуалдык спортту жайылтууга, эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө, жаш шахматчылар ортосунда тажрыйба алмашууга жана ар кайсы өлкөлөрдөн келген катышуучулардын ортосунда достук байланышты күчөтүүгө шарт түзөт.
Оюндарда балдар өзүнүн даярдыгын, стратегикалык ой-жүгүртүүнү жана логикалык жөндөмдөрүн көрсөтүп, байге орундар үчүн күрөшөт.
Турнирди Иссык-Куль облусунун шахмат федерациясы менен маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги биргелешип уюштурат.



