«Эл умуту – Ата Журт» депутаттык тобунун жыйынында ЖРТны өткөрүүнүн сапатын камсыздоо механизмдери жана мектептеги жетишкендиктердин бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктарына тийгизген таасири талкууланды. Депутат Дастан Бекешев 11 жыл бою жогорку бааларды көрсөтүп келген, бирок тестирлөөдө башка жыйынтыктарды көрсөтүшү мүмкүн болгон мыкты окуучулардын көрсөткүчтөрүн талдоо зарылчылыгы жөнүндө маселени көтөрдү.
Бекешевдин пикири боюнча, мектептеги упайлар ЖРТнын жыйынтыктары менен ар дайым эле дал келбейт, анын ичинде экзамен учурундагы стресс факторлору да себеп болот. Ошондой эле ал тестке даярдануу көбүнчө 10–11-класстардын окуучулары үчүн артыкчылыктуу болуп, толук кандуу мектептеги билим берүүнү четке кагып жаткандыгына тынчсыздануусун билдирди.
Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова тестирлөө форматынын өзгөчөлүгүн түшүндүрүп берди. Ал ЖРТ окуучулардын маалыматты талдоо жана колдонуу жөндөмүн текшерүүгө багытталганын, ал эми жатталган маалыматтын көлөмүн текшерүү эмес экенин белгиледи.
Жогорку баалар өз алдынча тестирлөөнүн жогорку жыйынтыктарына кепилдик бербейт.
Ведомство мектептер менен иштөө окуучулардын маалыматты иштеп чыгуу көндүмдөрүн өнүктүрүү багытында жүрүп жатканын баса белгилешти. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн ЖРТны эки жолу өтүү мүмкүнчүлүгү бар экени такталды.











